Бишкекте ШКУнун жыйыны аяктады

14 июня 2019 14:43 1298 Barometr
Поделиться в:
ok

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын жыйынында пикирлердин бирдиктүү экени, активдүү жана жемиштүу иштөөгө даярдык байкалды. Бул тууралуу  бүгүн, 14-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жыйынын жыйынтыктап жатып президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.   

Ал ШКУнун ишмердигине бир катар мамлекеттер менен эл аралык уюмдардын өсүп бара жактан кызыкчылыгы анын бекем позициясынан кабар берерин кошумчалап өттү.

“Мен биздин урматтоого, тең укуктуулукка, өз ара түшүнүүчүлүккө негизделген натыйжалуу жана жемиштүү өз ара аракетибиз ШКУнун өнүгүшүнө бекем негиз болот деп ишенем”,-деп айтты Жээнбеков.

“Урматтуу достор биздин жыйындын жемиштүү жыйынтыкталышы менен баарыңыздарды куттуктайм”,-деп белгилеп өттү Жээнбеков жыйынды жыйынтыктап жатып.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-shkunyn-zhyjyny-ayaktady



Добавить комментарий