Бишкекте медициналык беткаптар чыгарыла баштады – видео
Бишкекте медициналык беткап чыгарган чакан цех иштеп жатат. Ал жактан чыккан беткаптар дүйшөмбү күндөн тарта сатыкка чыгат.
Иштеп жаткан чакан цехтин видеосун өкмөттүн аппаратынын экономика жана инвестиция боюнча бөлүм башчысы Алымбек Орозбеков социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Буга чейин өкмөт медициналык коргоочу каражаттарды Кыргызстандан чыгарууга убактылуу тыюу салган.
Ал ортодо кыргыз-казак чек арасындагы Чоң-Капка көзөмөл өткөрүү пунктунан 100 миңге жакын беткапты чыгарып бараткан жаран кармалган. Ал эми алынган товардын жалпы баасы 1,4 миллион сомду түзөт.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда коронавируска кабылгандар катталган жок. Ал эми коңшу Казакстанда вирус жуккандардын саны алтыга жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-medicinalyk-betkaptar-chygaryla-bashtady-video
Добавить комментарий ×