Кыргызстандан Казакстанга 95 миңден ашык беткапты алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

13 марта 2020 13:37 852 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чоң-Капка” көзөмөл өткөрүү пунктунан кыргызстандык жаран айдап бараткан VOLVO FM12 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда кургатылган жемиштердин алдына катылган медициналык беткаптар табылган. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, беткаптарды коштоп жүрүүчү тийиштүү документтери болгон эмес.

“95 600 медициналык беткаптын коштоп жүрүүчү тийиштүү документтери табылган жок. Кармалган товардын жалпы баасы 1 400 000 сомду түзөт”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, өкмөттүн токтомунун негизинде өлкө аймагынан медициналык каражаттарды сатуу максатында ташып чыгууга алты айга чейин тыюу салынган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ишти териштирүү үчүн финполдун мобилдик тобуна өткөрүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandan-kazakstanga-95-miden-ashyk-betkapty-alyp-tg-araket-kylgan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий