Бишкекте май айында бош орундар жарманкеси өткөрүлөт
Поделиться в:
Май айында бош орундар жарманкесин өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу «Легпром» ассоциациясынын долбоорлоо боюнча менеджери Дамира Айтикеева билдирди.
Анын айтымында, жарманкеге жогорку окуу жайлардын, колледждердин жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле жумуш берүүчүлөр келет. Бүтүрүүчүлөр маектешүүдөн өтүп, экинчи тарап болсо адистерди тандап алмакчы.
Айтикееванын айтымында өткөн жылдан бери Бишкекте окуу жайлар менен жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда координациялык кеңеш түзүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-maj-ajynda-bosh-orundar-zharmankesi-tkrlt
Добавить комментарий ×