Бишкекте жарманке жанданат

5 октября 2019 11:20 4017 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын атайын белгиленген жерлеринде жарманке жанданат. Анда  айыл чарба  продукциясы арзан баада сатылат. Жарманке ар аптанын де малыш күндѳрүнѳ белгиленген. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, калаанын  Октябрь районунда ар дем алышта Нуркамал көчөсүндө (Айтиев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши), Свердлов районунда Т. Айтматов менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде айыл чарба азыктары сатылат. Башка райондор жарманкени кийинчирээк улантат.

Октябрь айындагы жарманкеге Чүй облусунан 120 айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөр келишет. Нарын облусунун дыйкандары  да жарманкеге катышат. Алар эт, картошка, пияз азыктарын сатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zharmanke-zhandanat



Добавить комментарий