Бишкекте көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Бишкек шаарында Москва көчөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 13- октябрда Биринчи Май районунда саат 20:49да Москва көчөсүндө жайгашкан №162 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Жерине КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин жер төлөөдөн алып чыгышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен (аты-жөнү такталууда).
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kp-kabattuu-jdn-zher-tlsnn-erkek-kishinin-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×