Бишкекте кайгуул милициясы жолдун жаныныда соода кылган жарандарга рейд жүргүзүүдө (Сүрөт)

21 августа 2020 12:01 1232 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте кайгуул милициясы жолдун жаныныда соода кылган жарандарга рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол жээгиндеги баш аламан сатуу боюнча  рейдтик  иш чара өткөрүштү.

17- августунан тартып 21- августуна чейин милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында жол  кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо жана  жол  кыймылынын  катышуучулайрына  тоскоолдук жараткан  жол жээгиндеги  башаламан мыйзамсыз жана уруксатсыз соода сатык кылган жарандарга карата атайын рейддик иш чара өткөрүштү. Иш чаранын жүрүшүндө жол жээгинде  мыйзамсыз күйүүчү май саткан (ГСМ), убактылуу ижарага берип иштетип же жеринен  велосипед сатуучуларды ошондой эле мыйзамсыз жана уруксаты жок азык түлүк саткан сатуучуларды аныктап, КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 120- беренесинин негизинде жети сатуучуга айып протоколу түзүлүп, мыйзамсыз соода сатык кылууга мүмкүн эмес экендигин эскертип, жеринен алдырып тазаланды. Ошондой эле жол жээгинде мыйзамсыз баш аламан соода кылуу  жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратаарын, ушунун себебинен жол кырсыгы келип чыгаары эскертилип, жарандарга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.




Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-kajguul-miliciyasy-zholdun-zhanynyda-sooda-kylgandarga-rejd-zhrgzd-srt



Добавить комментарий