Бишкекте батирден аялдын жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Бишкекте куткаруучулар жабылып калган батирди ачканда, 72 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 1-ноябрда Свердлов районунда саат 10:10до КР ӨКМнин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Ибраимов көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1948-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Добавить комментарий ×