Бишкекте батирде пенсионердин жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Кечээ, 1-июнда Бишкек шаарында куткаруу кызматынын тобу Эркиндик бульварындагы үйлөрдүн биринен пенсионердин жансыз денесин табышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Баромет” билдирет.
Маалыматка ылайык, батирден 1956-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылган. Куткаруучулар сөөктү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Эске сала кетсек, Эркиндик Бульварында жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн-батиринин бекилип калган эшигин ачууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучу тартылган. Учурда иштин чоо-жайы такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-batirde-pensionerdin-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×