Бишкекте бала бакчага кириш үчүн 30 миң бала кезекте турат
Поделиться в:
Бишкектеги балдар бакчаларына кириш үчүн 30 миң бала кезекте турат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Ал мындай жагдай мектепке чейинки билим берүү мекемелери эки жыл бою иштебегендиктен улам келип чыкканын белгилеп өттү.
“Балдарды топтоо болгон эмес, ошондуктан кезек түзүлүп калган”,-деп айтты ал.
Виктория Мозгачева учурда мэрия балдар бакчалары кандай иштей турганы тууралуу эпидемиологдордун чечимин күтүп жатканын кошумчалды.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-bala-bakchaga-kirish-chn-30-mi-bala-kezekte-turat
Добавить комментарий ×