Бишкекте 8 күндөн бери дайынсыз болуп Бурулай Сайпидин кызы изделүүдө

22 марта 2023 14:54 1196 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте Бурулай Сайпидин кызы дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 14-мартта милицияга Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, жубайын табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. 

“1992-жылы туулган Сайпидин кызы Бурулай 14-март күнү саат 10:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы Сүйүнбаев көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.  
 

Учурда дайынсыз жоголгон адамдын кайда экени белгисиз.    

Бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ЖИИБге катталган”, -деп жазылат маалыматта.   

Белгилери: бою 160-165 см, арык дене түзүлүштүү, кара-тору, кара көз.      

Кийген кийими: башына кызыл же кара жоолук, кара джемпер, кара бут кийим жана трикотаж сумка.        

Урматтуу жарандар! Сайпидин кызы Бурулайды табууга жардам бере турган маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу милицияга кабар берип коюушуңуздарды өтүнөбүз: 0(557) 11-94-10, 0(701) 28-28-19, 0(702) 49-88-88 жана 102.         


Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-8-kndn-beri-dajynsyz-bolup-burulaj-sajpidin-kyzy-izdeld



Добавить комментарий