Бишкекте 253 маршрутка коронавируска каршы дезинфекцияланды
Поделиться в:
Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбору 253 маршрутканы дезинфекциялады.
Ага ылайык, 9-мартта карата 253 маршруткада тийиштүү тазалоо иштери аткарылды.
Атап айтканда, “Дордой транс” – 79 машина, “Ак-Ниет-Транс” - 42, “Элек” - 75, “Ак-Жол-Транс-Кербен” - 37, “Куланбек” - 25 машина дезинфекцияланган.
Ал ортодо президент менен өкмөт коронавирустан улам боло турчу тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча аракеттерди көрүп жатат.
Акыркы маалыматтар боюнча вирустан каза болгондор төрт миңге чамалап, аны жуктургандар 109 миңден ашкан.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-253-marshrutka-koronaviruska-karshy-dezinfekciyalandy
Добавить комментарий ×