Бишкекте 21-23-июнь күндөрү айрым көчөлөр мал-маалы менен жабылат

20 июня 2023 15:35 530 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек жана Чүйдө 21-23-июнь күндөрү айрым көчөлөргө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат. Бул тууралуу ЖКККББдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жолдор Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий сапар менен келгендиктен жабылат. 

Чектөө кире турган жолдор:

"Манас" эл аралык аэропортунун жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен Жибек Жолу проспектисине чейин;

Жибек Жолу проспектисинин Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;

Жаш Гвардия бульварынан түштүктү карай Жибек Жолу проспектисинен тартып Чүй көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Чүй көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейинки бөлүгү;

Манас жана Ч.Айтматов проспектилеринен түштүктү карай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;

Бишкек шаарынан чыгып, Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолу аркылуу Токмок шаарына чейин.

Бул мамлекеттик маанидеги иш-чара болгондуктан жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине автоунаа токтотууга болбойт. Оор жүк ташуучу унаалар зарылчылык болбосо жолго чыкпай турганы оң. ЖКККББ айдоочуларды инспекторлордун талаптарына баш ийип эрежелерди сактоого чакырды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhana-chjd-21-23-iyun-kndr-ajrym-kchlr-mal-maaly-menen-zhabylat



Добавить комментарий