Бишкек-Талас Жамбыл аркылуу унаа каттамы калыбына келди
Бишкектен Таласка Казакстандын Жамбыл облусу аркылуу унаалардын каттоосу кайра калыбына келтирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Казакстандын Өкмөтү, Бишкек шаарынан Талас облусуна жана карама-каршы багытта, Казакстанстандын Жамбыл облусу аркылуу бара жаткан жүргүнчү ташуучу унаалардын транзиттик өтүүсүн калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Бул чечим президент Садыр Жапаров менен Казакстанстандын президенти Касым Токаевдин ортосундагы 2021-жылдын 2-мартында Мамлекет башчысынын Нур-Султан шаарын болгон мамлекеттик сапарынын алкагында болуп өткөн сүйлөшүүлөрдүн жана 2021-жылдын 2-апрелинде Казакстандын Жамбыл районундагы Кордай айылында өткөн кыргыз-казакстандык Өкмөттөр аралык кеңешинин 9-жыйынынын жүрүшүндө Улукбек Марипов менен Казакстандын премьер-министри А.Мамин ортосунда жетишилген макулдашуу натыйжасы болуп саналат.
Буга чейин, 2020-жылдын 16-мартынан баштап, «Бишкек-Талас-Бишкек» маршруту боюнча Казакстандын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдүн кыймылы казак тарабынан коронавирус пандемиясына байланыштуу токтотулган. Ушуга байланыштуу, кыш мезгилиндеги аба-ырайынын жагымсыз шарттарын, ошондой эле тоолуу аймакта эки ашуу аркылуу өткөн жолдун узактыгын эске алуу менен, Талас облусунун калкынын мобилдүүлүгү минималдаштырылды, Бишкек жана Талас шаарларынын ортосундагы транспорттук байланыштар иш жүзүндө токтоп калды, Талас облусуна жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде оорулууларды, карыларды жана балдарды ташуу процесси татаалдашты.
Кыргыз тарап Казакстанга COVID-19 пандемиясынын учурунда Кыргызстандын калкына көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирет", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-talas-zhambyl-arkyluu-unaa-kattamy-kalybyna-keldi
Добавить комментарий ×