Бишкек, Ош жана Токмокто шаардык кеңештин депуттарын кайра шайлоо жүрүп жатат

11 июля 2021 11:03 820 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештин депутаттарын кайра шайлоо жүрүп жатат.Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме кылуу менен "Барометр" маалымдайт.

Үч шаардын жашоочулары 121 депутатты шайлайт. Бишкектеги шайлоого 18 партия, Оштогу шайлоодо 8 саясий партия, Токмокто 6 саясий партия ат салышып жатат.

Саат 08.00гө карата 326 шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

Добуш берүү саат 20:00гө чейин уланат.

“Добуш бериш үчүн сиз катталган шайлоо участогуна жеке өзүңүз келүүңүз керек. Өз шайлоо участогуңузду  «Тизме» порталы https://tizme.gov.kg аркылуу тактасаңыз болот. Ошондой эле 1255  жана 119 номерлерине чалып тактоого болот”,-деп маалымдайт Бордордук шайлоо комиссиясы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zhana-tokmokto-shaardyk-keeshtin-deputtaryn-kajra-shajloo-zhrp-zhatat



Добавить комментарий