Бишкек-Ош унаа жолунда кырсыктан 7 адам жабыркады
Поделиться в:
Кара-Сууда айдоочу рулга ээ боло албай, тосмону сүзгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кара-Суу районунда саат 05:49 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 590-чакырымында “Мерседес Спринтер” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 2 аял киши жана 5 эркек киши жабыркаган (аты жөндөрү такталууда).
КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholununda-kyrsyktan-7-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×