Бишкек менен Ошто беткап чыгарган ишканалар иштеп жатат

17 марта 2020 11:47 961 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек менен Ош шаарларында медициналык беткап чыгарган ишканалар иштеп жатканын вице-премьер-министр Алтынай өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, Оштогу ишкана күнүнө 5 миңден беткап чыгара алса, Бишкектеги ишкана күнүнө 50 миңден чыгара алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады. Чыгарылган беткаптар дарыканаларга таратыла турганын белгиледи.

Өмүрбекова Кыргызстандан тыш жакка беткапты чыгарып бараткан учур катталганын айтып,  бул боюнча соттун өкүмү чыга турганын айтты.

Буга чейин Бишкекте медициналык беткап чыгарып жаткан цехтин видеосу тараган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-menen-oshto-betkap-chygargan-ishkanalar-ishtep-zhatat



Добавить комментарий