Бир ай болуп калды. Кара-Кечеге көмүргө кетип, дайынсыз болуп жаткан Алмаз Жумадылов изделүүдө

22 ноября 2022 14:40 705 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-Кече көмүр кенине барып, 27-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан Алмаз Жумадылов изделүүдө. Бул тууралуу “Барометрге” анын жакындары кайрылды.

Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылынын тургуну 1985-жылы туулган Жумадылов Алмаз ушул жылдын 27-октябрынан бери дайынсыз болууда. 

“Ал айылдаштары менен бирге Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенине көмүргө барган. Кезек күтүп отурганда азыр келем деп камаздан түшүп кеткен. Тилекке каршы, ошол бойдон дайынсыз. Алмазды Балыкчы шаарынан жана Кочкор районунан көргөн адамдар бар экен. Бирок ал дагы деле табыла элек.

Урматтуу мекендештер, ушул баланы көргөн-билгендер болсо Жумгал райондук РИИБисине же 0501838282 номерине кабарлап коюңуздарды суранабыз”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/bir-aj-bolup-kaldy-kara-keche-kmr-kenine-ketken-bojdon-dajynsyz-bolup-zhatkan-almaz-zhumadylov-izdeld



Добавить комментарий