Бильярд. Азиз Мадаминов дүйнө чемпионатынын жарым финалында ката кетиргенин айтты

18 августа 2019 11:01 9284 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык кий чебери Азиз Мадаминов коло байге утту.

Жарым финалда ал азербайжандык Сеймур Маметовго утулуп калды. Азиз беттеш башталгандан тарта 1:0, 2:1, 3:2, 4:3 болуп алдыда келатты. Сеймур Маметов улам кууп жетип, эсепти теңеп, акыркы партияда утуп кетти.

Азиз бул беттеш тууралуу “barometr.kg” сайтына комментарий берип, айрым учурда өзүнө ишенип ката кетирип койгонун, шашып кеткенин билдирди.

Жакшы ойноп жаткам. Утсам болот болчу. Шашып, ката кетирип койдум. Эки ирет 8-10-партияларда кечиримсиз каталарга жол берип койдум. Жөнөкөй шарды түшүрө албай, атаандашка мүмкүнчүлүк берип койдум. Эми бул кийинки оюндарга сабак болду мен үчүн”, - дейт Азиз Мадаминов.

Азизди утуп финалга чыккан Сеймур Маметов бильярддын “Эркин пирамида” түрү боюнча дүйнө чемпионатынын алтын байгеси үчүн орусиялык кий чебери Семён Зайцев менен финалда беттешип жеңилип, экинчи орунду алып, күмүш медалга татыган.

Ссылка: https://barometr.kg/bilyard-aziz-madaminov-djn-chempionatynyn-zharym-finalynda-kata-ketirgenin-ajtty



Добавить комментарий