Билимдүү аялдар менен билимсиз энелердин балдары эмнеси менен айырмаланат?

2 августа 2019 13:34 7546 Barometr
Поделиться в:
ok

Германиянын окумуштуулары аялдын билим деңгээли менен анын баласынын өмүрүнүн узактыгынын ортосундагы байланышты изилдешкен. Бул тууралуу Берлиндеги Немец экономикалык изилдөөлөр институтунун сайтында маалымдалат.

3.3 аялга жана алардын балдарына жүргүзүлгөн анализден кийин немис окумуштуулары “аялдын билими канчалык жогору болсо баланын өмүрү ошончолук узун болот” деген бүтүмгө келишкен.

“Орто билими бар аялдын балдары орточо алганда эки жылга узак өмүр сүрөт, ал эми апасы башталгыч мектепти эле аяктаган балдардын жашоо узактыгы азаят”,- деп анализдешкен.

Мунун сыры эмне деп такташканда билимдүү аялдардын балдарынын жашоо деңгээли бир аз болсо да жогору болору менен түшүндүрүштү. Ошондой эле билимдүү аялдын балдарынын жүрүм-туруму жана тамактануусу жакшыраак болот деп эсептешкен.

Ссылка: https://barometr.kg/bilimd-ayaldar-menen-bilimsiz-enelerdin-baldary-emnesi-menen-ajyrmalanat



Добавить комментарий