“Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин алган жаш мугалим менен министрдин тууганчылыгы жок

7 октября 2019 17:06 1880 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Интернет булактарында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков өзүнүн жакынына “Билим берүүнүн мыктысы” деген төш белгисин берди деген маалымат чыккан. Министрлик бул маалымат туура эместигин жана Каныбек Исаков менен мугалимдин эч кандай тууганчылык жайы жоктугун билдирет.

Сөз болуп жаткан Бактыгүл Жапар кызы билим Берүү жана илим министрлигинин сыйлыктар жөнүндөгү жобосунун негизинде, мыйзамдуу түрдө аталган төш белгиге татыганын Билим берүү жана илим министрлигини басма сөз кызматы маалымдады.

2018-жылдын 12-февралындагы №157/1 буйрук менен бекитилген ведомстволук сыйлыктары жөнүндөгү жобосунун 7 пункттуна (Сыйлыкка көрсөтүүдө комиссиянын өзгөчө учурларда кароо тартиби жөнүндө) ылайык, билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук сыйлыктар боюнча комиссиясы өзгөчө учурларда министрликтин ардак грамотасы менен сыйланбаган адамды: республикалык “Жыл мугалими” сынагынын, мугалимдердин республикалык жана эл аралык масштабдагы өткөрүлгөн сынактарынын 1-2-3-орундун жеңүүчүлөрүн, окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадалардан, дүйнөлүк жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү деп табылган мугалимдер, республикалык же көз карандысыз рейтингдерде алдыңкы катарга чыккан кызматкерлер, билим берүү тармагынын өсүп-өнүгүшүнө, материалдык-техникалык базасын чыңдоого, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси жана ардак грамота менен сыйлоого укуктуу.

№50 Паиз Нышанов атындагы мектебинин география мугалими Ош шаарында өткөрүлгөн “Жылдын мыкты мугалими 2019” сынагынын жеңүүчүсү болгондугуна байланыштуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын сунушунун негизинде “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.

Ссылка: https://barometr.kg/bilim-bernn-myktysy-tsh-belgisin-algan-zhash-mugalim-boyuncha-bilim-ber-zhana-ilim-ministrligi-zhoop-berdi



Добавить комментарий