Парламентте карала турчу жөлөк пул жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси күн тартибинен чыгарылды
Бөлүшүү:
Бүгүн 24-октябрда парламентте бир канча мыйзам долбоорлорго өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жана талкууланып жатат. Бүгүн карала турчу маселелердин бири жөлөкпул мыйзамы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орду бош турганына байланыштуу күн тартибинен алынып салынды.
Мындай сунуш менен төрага Дастанбек Жумабековго социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрайымы Гүлкан Молдобекова жыйын учурунда кайрылды.
Сунуш канааттандырылып, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси күн тартибинен чыгарылды.
Добавить комментарий ×