Бүгүн Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленүүдө

3 марта 2021 09:59 4399 Barometr
Поделиться в:
ok

Жыл сайын 3-март Кыргызстанда мамлекеттик туу күнү белгиленип келет. “Барометр” жалпы кыргыз элин эркиндиктин символун чагылдырган туу күнү менен куттуктайт.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин токтому менен бекитилген.

Өлкөнүн мамлекеттик туусу жарым жылга жакын убакытта жасалып, атайын токтом менен бекитилген. 1991-1992-жылдары өлкөнүн башкы желегин жасоо боюнча атайын сынак жарыяланып, ага ондогон сүйрөтчүлөр катышкан.

Туунун авторлору беш киши болушкан. Алар Жусуп Матаев, Эдиль Айдарбеков, Маматбек Сыдыков, Бекбосун Жайчыбеков жана Сабыр Иптаровдор. Желектин ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, анын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдорунун бири болгон мамлекеттик туунун туулган күнү. Мындан 29 жыл мурун, тактап айтканда 1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туу КРнын Жогорку Советинин атайын токтому менен бекитилген. Мына ошол күндөн тартып өлкөдө желек күнү салтанаттуу түрдө белгиленип келет.

Желек күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы өлкөнүн башкы туусунун алдына гимн ырдалып башталды. Иш-чарада Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жалпы элди мамлекетибиздин башкы символдорунун бири богон туу күнү менен куттуктады.


Ссылка: https://barometr.kg/bgn-kyrgyzstanda-mamlekettik-tuu-kn-belgilend



Добавить комментарий