Бишкектин 5 жаңы конушун өнүктүрүү боюнча долбоор сунушталды

2 марта 2023 15:06 771 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте борбор калаанын 5 конушун өнүктүрүү боюнча долбоор сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ак-Босого, Арча-Бешик, Бакай-Ата, Калыс-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарын өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу долбоорун ишке киргизүү боюнча семинар өткөрүлдү.

“Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга техникалык тапшырмалар жана иштин этаптары көрсөтүлдү. Пландарды ишке ашыруу үчүн Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун бирден конушунун аянтын, ошондой эле Биринчи май районунун эки  конушун  камтышты.

Кыргыз Мамлекеттик Курулуш, Транспорт жана Архитектура университетинин командасы жана БУУ ЕЭК (UNECE)  көз карандысыз консультанттар тарабынан даярдалган изилдөө көрсөтүлүп, ал учурдагы долбоордун негизи болду.

Семинарды борбор калаанын мэриясы Азия шаарларын өнүктүрүү демилгеси жана Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурган”, -деп айтылат маалыматта. 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkektin-5-zhay-konushun-nktr-boyuncha-dolboor-sunushtaldy



Добавить комментарий