Бүгүн Каржы министрлиги кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги каралат
Поделиться в:
Бүгүн 12-декабрда парламентте Каржы министрлиги кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги каралат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин сайтын жарыяланды.
Эске салсак, 10-декабрда Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети суроолорду берип, андан соң добуш менен колдоого алышкан.
Ал эми мурдагы Каржы министри Адылбек Касымалиев өз каалоосу менен 6-декабрда кызматынан кеткен.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-karzhy-ministrligi-kyzmatyna-baktygl-zheenbaevanyn-talapkerligi-karalat
Добавить комментарий ×