Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын 12,6 млн доллар карызын кечет

12 октября 2021 12:11 1860 Barometr
Поделиться в:
ok

Эл аралык валюта фондунун аткаруучу кеңеши 2021-жылдын 6-октябрындагы чечимин колдоду, анда кирешеси төмөн болгон 24 өлкөнүн Катастрофаларды жеңилдетүү жана кармап туруу боюнча фондунун линияснын алкагында карыздарды кечүү каралган. Аталган өлкөлөрдүн ичине Кыргызстан да кирген.Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Мындай жол менен Кыргызстан Эл аралык валюта фондуна 2021-жылдын 8-октябрынан 2022-жылдын 10-январына чейин бере турган 12,6 млн сомдук карзынан кутулат.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-valyuta-fondu-kyrgyzstandyn-126-mln-dollar-karyzyn-kechti



Добавить комментарий