Россияга кетирем деп жасалма маалымкат саткан Каржы полициясынын мурдагы кызматкери кармалды

8 февраля 2021 12:53 838 Barometr
Поделиться в:
ok

Каржы полициясынын мурдагы кызматкери Россияга учуп кетүү үчүн жарандарга "дарыланууга кетип жатат" деген жасалма медициналык тактамаларды жасаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын кызматкерлери  РФдин аймагына учуп кетүү үчүн жарандар РФдин дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

"Кыргыз Республикасынын жараны, “Каржы полициясынын” мурдагы кызматкери,  “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар”  жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече  жасалма мөөрлөрү, штамптары табылып алынган.

Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап,  кандайдыр-бир документтерди сунуштап, РФге учууга жардам бере тургандыгын  айткан. Материал КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча катталды.

Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жаран Т.Н. кайрылып, 46 050 сомго “Бишкек-Москва” каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама алганын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

ИИМ шектүү Ж.А.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү номурлар аркылуу ички иштер органдарына кайрылууну суранат: ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгү-0312 35-12-70, 0701 35-12-70, уюлдук телефон-0708 00-36-19.

Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/karzhy-policiyasynyn-murdagy-kyzmatkeri-aldamchylykka-shektelip-karmaldy



Добавить комментарий