Белгилүү Казакстандык фигуристти бычак менен сайып өлтүрүп кетишти

21 июля 2018 19:00 2658 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Белгилүү Казакстандык фигурист, Сочидеги өткөн олимпиададагы коло медалдын ээси Денис Тенди 19 июлда мыкаачылык менен өлтүрүп кетишти. Бул туурасында Казакстандык mir24.tv маалымат агенттиги жазды. Спортчуну оор абалда ооруканага алып келишкен. Берилген маалыматтарга караганда уруулар спортчунун унаасынын күзгүсүн алыш үчүн, бычак менен бел жагына сайып кетишкен. 

25 жаштагы Денисти бүткүл Казакстан спортчу катары эмес, улуттук баатыр катары эскеришет. Астанадагы Арбат көчөсүндө Денисти эскерүү акциясы болду. Мындан бир канча саат мурда Алматыда алар оорукананын алдында  үмүт менен турушкан. Доктурлар спортчунун өмүрү менен 2 сааттан  ашык алышып, сактап кала алышкан жок. Үч литрден ашык кан кетип калган. 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы терең кайгыруу менен Денистин жакындарына көңүл айтты. 

Кылмыш иши боюнча учурда издөө жүрүп жатат. Кылмышкерлер кармалды. 


Ссылка: https://barometr.kg/belgil-kazakstandyk-figuristti-bychak-menen-sajyp-ltrp-ketishti



Добавить комментарий