Толкунбек Абдыгулов: "Улуттук банктын аброюна шек келтирбей, ссуданын калдыгын төлөйүн деп чечтим"
Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банк кечип койгон ссудасынын калдыгын өзү төлөй тургандыгын маалымат жыйында айтты.
Белгилүү болгондой, буга чейин Абдыгулов банктан 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда алган. Анын 4,8 миллион сому банк тарабынан кечилгени айтылып, коомчулук тарабынан да катуу талкууга алынган.
"Башкы прокуратура тарабынан бул иш текшерелип, бардыгы мыйзамдуу болгону аныкталды. Бирок, коомчулук тарабынан бир гана мага эмес, Улуттук банктын аброюна дагы шек келгендиктен, мен банк тарабынан кечилген ссуданын калдыгын төлөп берүүнү чечтим. Жакынкы аралыкта нормативдик-укуктук актыга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин төлөй баштайм"-деди ал.
Ошондой эле, Улуттук банктын кызматкерлерине ссуда берүү тажрыйбасы дүйнөдөгү банктар арасында калыптанып калган көрүнүш экенин Абдыгулов кошумчалап өттү.
Добавить комментарий ×