Бөдөш Мамырова: Шайлоо бул тандоо. Эл талапкерлерди абдан карап анан тандашы керек

24 ноября 2021 11:59 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышып жаткан "Азаттык" партиясынан талапкер, коомдук ишмер Бөдөш Мамырова менен шайлоо, партиянын максаты тууралуу маекти сунуштайбыз.

-Бөдөш эже, эмне үчүн башка партияны эмес, “Азаттык” партиясын тандадыңыз?

– “Азаттык” партиясын тандап алуума  мамлекетти түптөөчүлөрдүн бири заманыбыздын залкар инсаны, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов себеп болду. Улуу инсандардын, катарында болуп, жаштарга анча-мынча болсо да жол көрсөтөлү деген максат менен  шайлоого аттандым.

Түгөнгөн сайын түтөгөн,

Түпкүрүндө күчөгөн.

Кыргыздар кыйын эл экен,

Кыйналган кезде бириккен.

Кыргыздын бир да сөзү жөн айтылбайт  тура. Чынында биз жай турмушта ар кимибиз өз оокатыбызды өткөрүп жүрө беребиз. Орчундуу мезгилде бир муштум болуп түйүлүп, ынтымакка келебиз. Ошон үчүн  “Азаттык”  партиясынын туусунун алдында Кыргызстандын булуң бурчунан чогулган улуу муун да, орто муун да  жүрөгү мекеним деп соккон мекенчил жаштар биригип,  шайлоого аттандык. Себеби, жаңы Конституция боюнча бийлик бир колго топтолду. Аны эл өзү каалады. Эл ошого добуш берди. Бирок, аткаруу бийлиги  да президенттин колуна өттү. Президентти бул жерден калпыстыкка жол бердиңиз, тигил жерден аша чаптыңыз деп катачылыгын  айтып тура турган парламенттин курамы күчтүү болушу керек. Болбосо бийликтин бир колго топтолгону  опурталдуу болуп калат.

– Туура тандоо жасай алабызбы?    

– Шайлоо бул тандоо. Эл талапкерлерди абдан карап анан тандашы керек. Анткени, быйылкы шайлоо өзгөчө шайлоо болуп жатат. Мурдагы шайлоолордой  басым, кысым анча байкалган жок. Ушундан пайдаланып,  шайлоодо туура  тандаганды үйрөнүшүбүз керек. Анткени, кандай адамдарды шайласаң ошондой парламент келет. Туура эмес депутаттарды шайлап алып, өкүнүп калбай турган болушубуз керек. Себеби алтынчы чакырылыштын депутаттарына  ар кандай ат коюлуп,  ар кандай сын айтышкан. Бул жолу ошондой калпыстыктан алыс болуш үчүн туура тандашы керек. Эл абийир, ар-намыс сатылбагандай эле добуш да сатылбайт экенин билиши керек. Элибиз “Азаттык ” партиясын тандап, добуш беришет деп ишенем.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.

Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

Ссылка: https://barometr.kg/bdsh-mamyrova-shajloo-bul-tandoo-el-talapkerlerdi-abdan-karap-anan-tandashy-kerek



Добавить комментарий