Базардан 70 миң сомдук товарды уурдаган келиндер кармалды
Поделиться в:
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБна жергиликтүү базарда сатуучулук менен алектенген аял арыз менен кайрылган. Ал базардан жашыруун 70 миң сомдук товарды уурдап кеткен жарандарга карата чара көрүү өтүнүчүн билдирген.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү делген Б.К жана К.к.Ж кармалган.
Азыркы учурда колго түшкөндөр ушундай эле 3 фактыга байланышы бар экени аныкталган. Тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалгандарга карата үй түрмө түрүндөгү чара колдонуу өкүмүн сот чыгарды.
Ссылка: https://barometr.kg/bazardan-70-mi-somduk-tovardy-uurdagan-kelinder-karmaldy
Добавить комментарий ×