Баткенде өрттөлүп, талкаланган үйлөр түрттүрүлө баштады

27 сентября 2022 13:48 2575 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткенде тажиктердин куралдуу кол салуусунан өрттөлүп, талкаланып, жараксыз абалга келген үйлөр түрттүрүлө баштады. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, Баткен районунун Ак-Сай жана Лейлектин Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарына караштуу айылдарда талкаланган үйлөрдү бузуп, тазалоо иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын, райондук бөлүмдөрдүн өздүк курамы тартылган.

"Учурда алар 26-сентябрдан тарта кыргыз-тажик куралдуу кагылышуусунан улам жашоого жараксыз болуп калган үйлөрдү бузуп, тазалап жатышат", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/batkende-rttlp-talkalangan-jlr-trttrl-bashtady



Добавить комментарий