Баткенде 309 турак үй бузулуп, 62 571 м3 таштанды чыгарылды

7 октября 2022 11:11 643 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен облусунда учурда 309 турак үй бузулуп, 62 571 м3 курулуш таштандылары чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 661 турак үй жабыркаган. Мындан сырткары, 423 жашоого жараксыз, 238 оңдоп түзөөгө муктаж, 11 административдик, стратегиялык объект, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, 61 унаа жана унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

“Буга байланыштуу кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жана кайра калыбына келтирүү иш-чараларына КР ӨКМнен  өздүк курам менен кошо атайын техника үзгүлтүксүз иш алып барууда. Баткен районуна 128 куткаруучу жана 13 техника, жергиликтүү бийликтен – 15 техника иштеп жатат.

Облус боюнча 309 турак үй бузулуп, ӨКМ тарабынан 286 турак үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 23 турак үй бузулуп тазаланды. Жалпы жумуштун көлөмү 85 341 м3ду түздү. Тактап айтканда, Баткен району боюнча жараксыз абалга келген 322 турак үйдүн ичинен 211 турак үй бузулган. ӨКМ тарабынан 195 үй, жергиликтүү бийлик тарабынан 16 турак үй бузулуп, 62 571 м3 курулуш таштандылары чыгарылды.

Ал эми Баткен районунун Миң-Булак айылындагы тазалоо иштери Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында аталган айылда күйгөн 8 турак үй аныкталып, бүгүнкү күнгө карата ӨКМ куткаруучуларынын кол күч каражаттары менен тазаланып бүткөрүлдү.

Ал эми Миң-Өрүк участкасында комиссиянын чечими менен аныкталган 37 турак үй кол каражаттары менен тазаланып бүткөрүлүп, 14 турак үй техникалык каражаттардын жардамы менен сүрдүрүлүп тазаланды. Ал үчүн ӨКМнен 30 куткаруучу менен кошо жалпы 7 техника иштеп жатат”, -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/batkende-309-turak-j-buzulup-62-571-m3-tashtandylary-chygaryldy



Добавить комментарий