Башкы прокурор: Гуревич Бакиевдер чыгарып кеткен каражат боюнча маалымат берүү үчүн өзүнүн талабын койгон

27 сентября 2018 18:25 755 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Евгений Гуревичтин билдирүүсү боюнча маалымат берүү үчүн Жогорку Кеңешке келди. Ал Евгений Гуревич укук коргоо органдарына маалымат берүү үчүн өзүнүн талабы болгонун айтты.

“Гуревич Кыргызстан сыртынан 25 жылга соттолгон. Буга чейин Башкы прокуратуранын балдары жолугуу үчүн барганда ал өзүнө карата чыгарылган соттун чечимин жокко чыгарууга жардам болсо укук коргоо органдарына тиешелүү маалыматтарды берүү жагын ойлоно турганын айткан. Бирок ал Кыргызстандан чыгарылган каражаттар кайсы банкта, кайсы эсепте кандай жол менен чыкканын айта элек”, - деди Жамшитов.

Белгилей кетсек, Евгений Гуревич экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин ЦАРИИдеги каржы кеңешчиси болгон. Ал Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткени тууралуу маалымат берген. Бул маалыматты өлкөдөгү тийиштүү кызматтарга да бергенин, бирок андан кийин алар тараптан эч кандай кызыгуу пайда болбогонун да маалымдаган. Ал эми башпрокурордун орун басары буга дейре депутаттарга мурдагы кеңешчинин маалыматтары текшерилип жатканын билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuror-gurevich-bakievder-chygaryp-ketken-karazhat-boyuncha-maalymat-ber-chn-znn-talabyn-kojgon



Добавить комментарий