Өткүрбек Жамшитов башкы прокурор кызматынан кетүүгө арызын жазды

21 октября 2020 12:29 977 Barometr
Поделиться в:
ok

 Бүгүн, 21-октябрда, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында  Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулушту. 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Өткүрбек Жамшитовдун башкы прокурор кызматынан бошотуу тууралуу арызын карады.

Комитеттин жыйыны бүгүн, 21-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Комитеттин төрагасы Канат Керезбековдун айтымында, Жамшитов 19-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун атына отставкага кетүү тууралуу арызын жазган.

Эми Жамшитовдун арызы парламенттин талкуусуна коюлат.

Ссылка: https://barometr.kg/tkrbek-zhamshitov-bashky-prokuror-kyzmatynan-ketg-aryzyn-zhazdy



Добавить комментарий