Өткүрбек Жамшитов: прокуратурада иштегендердин барына ата-энелери жардам берет

21 мая 2020 12:20 9638 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратура тармагында иштегендерге бүгүнкү күнгө чейин ата-энелери жардам берерин Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылда жасаган иши тууралуу отчет берип жатып айтты.

Депутат Тазабек Икрамов прокуратура тармагында иштегендер 15 миң сом айлык алса, батирге 10 миңин төлөп, 5 миң сом тамак-ашына жетпей турганын белгилеп, балким дал ушул нерсе прокуратура тармагында иштегендерди коррупциялык иштерге түрткөн жокпу деп суроо салды.

Баш прокурор Жамшитов чындап эле прокуратура тармагында иштегендердин айлыгы аз экенин моюндады.

“Ооба, айлык аз. Прокуратура кызматында иштеш кыйын, оңой жумуш жок. Убагында кесиптештеримдин арасында 200-300 сомдон айлык алып иштегендер болгон. Ошондо дагы батирде ижарага жашашкан. Баарыбызга ата-энебиз жардам берет. Мен ошентип ойлойм, алардын бардыгына бүгүнкү күнгө чейин ата-энеси жардам берет. Ал эми коррупциялык иштерге аралашкандар менен аёосуз күрөшөбүз. Фактылар бар, кылмыш иши козголуп тергелип жатат”, — деди ал.

Жамшитов прокуратура тармагында иштеп, 5 миң сом айлык алгандар бар экенин айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/tkrbek-zhamshitov-prokuraturada-ishtegenderdin-baryna-ata-eneleri-zhardam-beret



Добавить комментарий