Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордунда эмне курулат?
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев КРын Башкы прокуратурасынын өрттөнүп кеткен имаратында долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Жакынкы аралыкта, КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунун имараттын курулуш конструкциясынын учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутундусунун жана шаардык муниципалитеттин буйругунун негизинде, капиталдык курулуш башкармалыгы техникалык тапшырманы иштеп чыгып, долбоорлоо иштерине тендер жарыялайт.
КРнын Башкы прокуратурасынын өрттөлгөн имаратынын ордуна эки имарат, Бишкек шаардык Кеңешинин аппараты жана экинчисине шаардын ар тарабына чачырап кеткен шаардык кызматтар жайгаштырылат, бул шаардык кызматтардын натыйжалуу иштөөсүнө таасирин тийгизет. Эки блок жети кабаттуу болот.
Белгилей кетсек, түзүмдүк бөлүмдөрдүн да, шаардык кызматтардын да кызматкерлеринин, ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин кызматкерлеринин толук кандуу иштеши үчүн жайлардын жоктугун эске алганда, долбоор учурда абдан актуалдуу.
Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuraturanyn-rttlgn-imaratynyn-ordunda-emne-bolot
Добавить комментарий ×