Башкы прокуратура: Дамир Мусакеев мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрдү

27 мая 2019 15:51 1591 Barometr
Поделиться в:
ok

Башкы прокуратура Дамир Мусакеевдин кылмыш иши боюнча кенен түшүндүрмө берди.

Маалыматка таянсак, Дамир Мусакеев 2016-2017-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө Турак жай кодексин одоно бузуп, натыйжада үй алыш үчүн алдыңкы кезекте турган 18 кызматкерлерге турак жай тийбей калган. Мурда үй алган 3 кызматкер болсо кайрадан турак-жайга ээ болушкан. Жалпысынан 15 кызматтык батир бөлүштүрүлгөн.

Башкы прокуратура Мусакеевдин мындай аракети мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, жарандардын социалдык калыстыкка болгон ишенимин жоготкон деп айыптайт.

Жабыркагандардын арызынын негизинде бул фактылар кызматтык териштирүүлөрдөн кийин аныкталып, 2018-жылдын 27-ноябрында Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жыйынтыгында 2019-жылдын 7-февралында Аскер прокуратурасы Жазык кодексинин 320-беренесинин 4-бөлүгү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмышка шектүү катары каралып жатканын Мусакеевге маалымдаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту Мусакеевдин бөгөт чарасын карап, ага белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу шарт коюлган.

2019-жылдын 2-апрелинен 24-майга чейин он соттук отурумда 49 күбө, 18 жабырлануучу суралган жана соттук териштирүүдө шектүүнүн күнөөсү фактылар менен далилденген. 24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту УКМКнын 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде Дамир Мусакеевди беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынды жана 700 эсептик көрсөткүч көлөмүндө айып пул салынды.

Башкы прокуратура маалымдагандай, соттук отурумдардын жүрүшүндө 18 жабырлануучу Дамир Мусакеев тарабынан алардын биринчилерден болуп турак-жай алууга болгон укугу жана мыйзамдуу кызыкчылыгы одоно түрдө бузулгандыгын белгилешкен.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-damir-musakeev-mamlekettin-kadyr-barkyna-klk-tshrd



Добавить комментарий