Башкы прокуратура: Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы текшериле баштады
Поделиться в:
Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы текшерилип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү материалдар мекемеге 25-сентябрда келип түшкөн. Учурда тийиштүү материалдарды Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгы териштирүүдө.
Белгилей кетсек, 26-сентябрда Жогорку Кеңеш акыйкатчыны шайлоо учурунда Токон Мамытовду Сулейманов жарандыгы боюнча жалган маалымат таратып жатканын айткан. Токон Мамытов ага жооп кылып, «Сиз чет өлкөнүн жараны экендигиңиз тууралуу материалдар менде бар» деп билдирген болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-bahadyr-sulejmanovdun-zharandygy-teksherile-bashtady
Добавить комментарий ×