Баш калаанын мэри болууга талапкерлер кыргыз тилинен сынак тапшырат
Поделиться в:
Бишкек шаарынын мэрлигине талапкерлер болгондор 31-июлда 14:00дө кыргыз тилинен экзамен берет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комитетинен билдиришти. Эскерте кетсек, калаа башчысын шайлоо ушул жылдын 8-августуна белгиленген. Азырынча Азиз Суракматовдун гана жалгыз талапкерлиги расмий көрсөтүлүп жатат. Ал эми шаар башкармалыгына дагы мэр болом дегендер үчүн документтер 31-июлдун кечки саат 18:00на чейин кабыл алынат. Маалыматта берилгендей, кыргыз тили боюнча сынак 14:00 дө башталып, кечки саат 18:00го чейин болоору айтылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bash-kalaanyn-meri-boluuga-talapkerler-kyrgyz-tilinen-synak-tapshyrat
Добавить комментарий ×