Балдарга катаал мамиле жасап жаткан учурдун күбөсү болсоңуз кимге кайрылуу керек?
Бишкектин Биринчи май райондук акимчилигинде турмушта кыйынчылыкка кабылган үй-бүлөлөр менен балдардын маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйыны болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.
Жыйында жашы жете электердин арасында суицид жана укук бузууларды, балдарга карата катуу мамиле жасоонун, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү иштерин күчөтүү чечими кабыл алынды.
Жашоодо кыйынчылыкка кабылган үй-бүлөлөрдү аныкташ үчүн, жашы жете электердин арасында кылмыштарды азайтууну алдын алыш үчүн пландалбаган рейд өткөрүү белгиленди.
Мэрия балдарга карата катаал мамиле жасаган учурдун күбөсү болсонуз төмөнкү телефондорго байланышуунү өтүндү.
Биринчи май району: 0312670386;
Ленин району: 0312883899;
Свердлов району: 0312530576;
Октябрь району: 0312510375.
Ссылка: https://barometr.kg/baldarga-kataal-mamile-zhasap-zhatkan-uchurdun-kbs-bolsouz-kimge-kajryluu-kerek
Добавить комментарий ×