2022-жылы кризистик борборлорду каржылоо көбөйтүлөт

12 ноября 2021 12:08 2641 Barometr
Поделиться в:
ok

Министрлер кабинети 2022-жылы кризистик борборлорду каржылоону 20 миллион сомго чейин көбөйтөт. Бул тууралуу “Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана кайтаруу жөнүндө” мыйзам өзгөртүүлөрдү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек столдо Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Министрлер кабинети дагы 5 миллион сомду үй-бүлөлүк зомбулуктун маселелери менен таанышууну жогорулатыш үчүн мамлекеттик тапшырыктын алкагында коомдук уюмдардагы маалыматтык өнөктүк үчүн бөлмөкчү.

Быйыл кризистик борборлорго 7 миллион сом бөлүнгөнүн Байсалов белгиледи.

Статистика боюнча быйыл каттоого алынган үй-бүлөлүк зомбулук 8405 болгон, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 6060ны түзгөн болчу.

“Статистиканын өсүп жатканы көрүнүп турат”,-деп белгилеп өттү Байсалов.

Ссылка: https://barometr.kg/2022-zhyly-krizistik-borborlordu-karzhyloo-kbjtlt



Добавить комментарий