Алименттерди нотариус аркылуу өндүрүп алса болот
Юстиция министрлиги демилгелеген жана дебюрократизация алкагында ишке ашырылып жаткан реформа алимент өндүрүүдө салттуу соттук жолун жаңы, ыңгайлуу механизм менен толуктады.
Өзгөрүүлөрдүн маңызы: арыз ээси ата-энеликти аныктоо же талашуу зарыл болбогон жана үчүнчү жактарды тартуу талап кылынбаган талаш-тартышсыз учурларда нотариуска арыз берүүгө укуктуу. Нотариус 3 күндүн ичинде нотариалдык буйрук чыгарат.
Бул документ карызкорго жиберилет, ага соттук буйрукка каршы пикирин билдирүү үчүн 10 календардык күн берилет.
Эгерде каршы пикир түшпөсө, буйрук мыйзамдуу күчүнө ээ болуп, аткаруу үчүн сот аткаруучуларына жөнөтүлөт жана алимент баланын пайдасына эсептелет.
Ошону менен катар, доочулар мамлекеттик төлөөдөн бошотулат.
Институционалдык деңгээлде бул өзгөрүүлөр сотторду ондогон жылдардан бери каралган миңдеген бир типтүү иштерден бошотот.
Натыйжада сот системасы татаалыраак жана кайчы пикир жараткан маселелерге басым жасай алат.
Юстиция министрлигинин алдындагы Юридикалык жардам кызматынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын ичинде алимент өндүрүү маселелери боюнча кеңеш алуу үчүн 2 181 жаран кайрылган, ал эми 1 240 жарам юридикалык жардам алган.
Бул маалымат жарандардын олуттуу бөлүгү сотко же юристтерге кайрылууга мажбур болуп, убакыт жана каражаттарын коротуп келатканын, көйгөйдүн масштабын көрсөттү.
Ошол эле учурда нотариустар жаңы макамга ээ болушту, алардын чечимдери түз эле аткаруу документтерине айланып, бул институттун орду бекемделди .
Ссылка: https://barometr.kg/alimentterdi-notarius-arkyluu-ndrp-alsa-bolot
Добавить комментарий ×