Балбак Түлөбаев ооруканадан мэриянын алдына митинге чыккандарга кайрылуу жолдоду

10 февраля 2021 15:12 8724 Barometr
Поделиться в:
ok


Бишкек шаарынын мурдагы мэринин милдетин аткаруучу мэриянын алдына митинге чыгып жаткан жарандарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу Түлөбаев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Учурда, Түлөбаев ооруканда дарыланып жатканын айтып, митинге чыгып жаткандарга кайрылуу жасоону туура көргөнүн билдирди.

“Урматтуу митинге чыгып жаткандар, сиздерден көптөн-көп суранарым бир ууч топтун эле кызыкчылыгын ойлой бербей элди да ойлоңуздарчы. Митинг кылып улам эле кетсин дей бергенден эч пайда жок. Шаардын андан башка толуп жаткан көйгөйлөрү бар. Андан көрө мэрдин милдетин аткаруучу болуп келген адамды колдоп туралы. Бюурса апрель айында жергиликтүү кеңешти шайлоо менен азыркы бийлик толугу күчүнө кирет. Ошодон кийин жаңы мэр шайланып жакшы иштерди жасайт деген үмүттөмүн. Дагы бир жолу сиздерден саранып, өтүнүү менен кайрылам, шаарыбыздын тынчтыгы жана өсүп-өнүгүүсү үчүн жаңы келген жетекчини убактылуу болсо да колдоп берип коюшуңуздарды суранам”, - деген видео кайрылуу жолдоду.

Эске сала кетсек, Балбак Түлөбаев 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучулук кызматынан ден соолугуна байланыштуу кеткен. Анын ордуна калаа мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалып, бир күн өтпөй кайра кызматтан алынган.

Бүгүн, 10-февралда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун жарлыгы менен Бишкек шаарнын мэринин милдетин аткаруучу болуп, Бактыбек Кудайбергенов дайындалган.

Көп өтпөй, 10-феврал күнү түштөн кйин Бишкек мэриясынын алдына Бактыбек Кудайбергеновдун мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганына нааразы болгондор митинге чыгышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/balbak-tlbaev-oorukanadan-meriyanyn-aldyna-mitinge-chykkandarga-kajryluu-zholdodu



Добавить комментарий