Бакыт Шарыпов: 30 жылда айыл чарбасында иш жүзүндө эч нерсе жасалган эмес

24 ноября 2021 21:56 Barometr
Поделиться в:
ok

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакыт Шарыпов менен билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына кандай реформаларды жүргүзүү зарылдыгы, айыл чарбасы тууралуу маектешкенбиз.Төмөндө аны сунуштайбыз.

– "Билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагына эффективдүү реформа жасоону колго алам”  деп айтыптырсыз. Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү, андагы көйгөйлөрдүү чечүүдө  кандай конкреттүү сунуштарыңыз бар?

Чынын айтсам, мен медицинада чоң адис эмесмин. Бирок дарыгерлердин жумушка болгон стимулдарын төмөндөтүп жаткан жагдайларды, алардын көйгөйлөрүн  көрүп турам.  

  1. Бюджеттик каражаттарды адилет бөлүштүрүүгө жетишүү жана эмгек акыны системалуу түрдө жогорулатуу керек.
  2. Материалдык базаны жакшыртуу. Заманбап жабдыктар менен камсыздоо керек. Оорунун себептерин аныктоо үчүн өлкөнүн булуң-бурчунан борборго катташат, бул айыл жерлеринде дарыгерлердин жетишсиздигинен кабар берет. Биринчи кадам бардык аймактык ооруканаларды борбордун деңгээлине чейин камсыз кылуу, экинчи кадам аймактык ооруканаларды чыңдоо. Ар бир ФАПта тез жардам жана диагностикалык комплект болушу керек. Бюджеттин эсебинен чиновниктерге унаалар сатылып алынат, а элдин саламаттыгына келгенде бюджетте акча жок калат.
  3. Дарыгерлердин күнүмдүк көйгөйлөрүн чечүү. Мага бир айылда ФАПтын жаш дарыгери котельныйдын жанындагы бөлмөдө бир жарым жылдан бери жашап, элди дарылап, ошол жерде жашап жүргөнүн айтышты. Алыскы райондордо ФАП эмгектенген өмүр сакчыларын ыңгайлуу жатакана менен камсыздоо зарыл.

– Айыл чарбасын өнүктүрүүгө басым жасайм деген талапкерлер аз. Коррупциянын тамырын кыркып, элди жакырчылыктан чыгарам деп убада берип жатышат?

 Биздин өлкөдө 30 жылдын ичинде айыл чарбасы боюнча иш жүзүндө эч нерсе жасалган эмес. Дүйнө эли экологиялык жактан таза азык-түлүк өндүрүүгө басым жасашат. Кургатылган мөмө-жемиш, бал жана башка азыктарды  АКШ жана Европа базарларына экспорт жасаганыбыз менен көлөмү өтө аз. Мен билем, валериана тамыры Ысык-Көлдө өстүрүлүп, Европага экспорттолот. Бирок мамлекеттик колдоо дээрлик жок.

Айыл чарбасын мамлекеттик деңгээлде колдоо үчүн төмөнкү аспектилерди камтыган масштабдуу программа керек:

а) үрөндүк материалды бюджеттен сатып алуу жана аны дыйкандарга жардам катары берүү;

б) ирригациялык тармактарды өнүктүрүү жана аларды модернизациялоо. Экономикалык тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу;

 в) фермерлерге минималдуу ставка боюнча кредиттерди берүү;

г) республика боюнча ветеринардык пункттардын тармагын түзүү;

д) дыйкандардын арасында айыл чарба сабаттуулугун жогорулатуу үчүн акысыз окуу борборлорун ачуу;

ж) айыл чарба жерлерин инвентаризациялоо жана менчик ээлерин пайдаланылбай жаткан айдоо жерлерин  өздөштүрүүгө тартуу. Көп айдоо жерлери толук пайдаланылбай жатат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Азаттык” саясий партиясы шайлоо тизмесинде №10 катар номери менен катышууда.Бакыт Шарыпов үчүн партиянын тизмесинде 14-номер менен добуш берсеңиз болот. 

 Даярдалды: Barometr.kg. 1 нуска, 24.11.2021-жыл, “Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясы тапшырык берген.

“Азаттык” демократиялык партиясы” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражатынан партиянын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Токтосунова Гүлира Базаровна тарабынан төлөндү.
(03.09.2021-жылдагы №34 каттоо күбөлүгү) 

Ссылка: https://barometr.kg/bakyt-sharypov-lkd-30-zhyldyn-ichinde-ajyl-charbasy-boyuncha-ish-zhznd-ech-nerse-zhasalgan-emes



Добавить комментарий