Байден: Кытайдан COVID-19 тууралуу так маалымат алмайын тынчтанбайм
Американын президенти Джо Байден Кытайды коронавирустун келип чыгышы тууралуу өтө маанилүү маалыматты жашырып жатат деп айыптады жана жооп алмайынча тынчтанбай турганын айтты. Бул тууралуу REGNUM булагына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
“Бул пандемиянын келип чыгышы тууралуу абдан маанилүү маалымат Кытайдын колунда бар, бирок башынан бери эле өкмөттүк чиновниктер эл аралык иликтөө менен дүйнөлүк медициналык коомчулуктун мүчөлөрүнүн ишине тоскоол болуш үчүн иш алып барышты”,-деп айтты Байден.
Байден Кытай ачык маалыматтан качып келе жатканын кошумчалады.
27-августта АКШнын чалгынчылары коронавирустун келип чыгышы тууралуу докладдын үзүндүлөрүн жарыялашты. 90 күндүк иликтөөдөн соң алар пандемия жасалма жол менен келип чыкканбы же табийгый жол менен өнүккөнбү бул боюнча бирдиктүү пикирге келе алышкан жок.
Авторлор Кытайдын кызматташтыгы болмоюнча көбүрөөк жыйынтыкка жете албай турганын айтышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/bajden-kytajdan-covid-19-tuuraluu-tak-maalymat-almajyn-tynchtanbajm
Добавить комментарий ×