АКШ коронавирустун келип чыгышы тууралуу баяндаманы жасап бүттү
Америкалык адистер бүгүн, 24-августта коронавирустун келип чыгышы тууралуу баяндамасын жазууну аякташат. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псаки маалымдаганын REUTERS булагына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Шейшемби күнү президент Джо Байден тапшырган мөөнөт аяктайт, андан кийин бул докладды окумуштуулар анын столуна коюшу керек. Псакинин айтымында, аталган баяндаманы коомго алып чыгыш үчүн дагы бир нече күн талап кылынат.
Май айында эле Байден 90 күндүн ичинде коронавирустун келип чыгыш тууралуу маалыматты аныктоону табыштаган. АКШнын атайын кызматы ар кандай теорияларды бышыктап, анын ичинде вирус Ухандагы лабораториядан келип чыктыбы, жокпу такташмак.
Эң негизгиси докладдан коомчулук -коронавирустун жасалма жол менен пайда болушу тууралуу версиянынын чын экенин же жалган экенин билгиси келип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/akshda-koronavirustun-kelip-chygyshy-tuuraluu-bayandama-zhasalat
Добавить комментарий ×