Азиз Батукаевдин иши сотто 11-октябрда каралат

8 октября 2019 10:39 1143 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

 11-октябрда Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев Barometr.kg маалымат агенттигине   билдирди. Анын айтымында, 11-октябрда бул иш боюнча алгачкы кароо өтөт.

Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Андан тышкары мурдагы башкы прокурорлор Индира Жолдубаевага, мурдагы саламаттык онкологиялык борбордун жетекчиси жана башка соттук ишке тиешелүү адамдар катышат.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга учуп кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Ссылка: https://barometr.kg/aziz-batukaevdin-ishi-sotto-11-oktyabrda-karalat



Добавить комментарий