Жогорку сот Азиз Батукаев боюнча ишти кайра карап чыгууга жөнөттү

19 октября 2021 17:07 2021 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку сот “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин кайра карап чыгууга жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматына таянуу менен  “Барометр” билдирет.

Буга чейин Башкы прокуратура биринчи инстанциядагы ишти кароонун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган. Жогорку соттун коллегиясы аталган өтүнүчтү канааттандырды.

“Жогорку соттун 2021-жылдын 12-октябрындагы токтому менен Алмазбек Атамбаев, Индира Жолдубаева, Абдухалим Раимжанов жана Калыбек Качкыналиевге карата козголгон кылмыш иштин жаңы ачылган жагдайлары боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү канааттандырылды. Жогорку сотунун 2020-жылдын 30-ноябрындагы токтому жокко чыгарылып, иш кассациялык тартипте жаңы кароого жөнөтүлдү”,-деп айтылат басма сөз кызматы берген маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган иш боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 11 жылга эркинен ажыраткан, мурдагы башкы прокурор Индира Джолдубаева 5 миллион сом айып пул төлөмөк болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев эки жылга эркинен ажыратылган, академик Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып бирок жаза мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу ага жаза колдонулган эмес.

Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган.   

 

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-sot-aziz-batukaev-boyuncha-ishti-kajra-karap-chyguuga-zhntt



Добавить комментарий