“Эл чындыкты билсин”. Абактагы Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады

2 сентября 2020 11:41 4124 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин кайрылуусу 2-сентябрда СДПК партиясы тарабынан жарыяланды. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматта, сот жабык өтүп, бардык материалдар сыр сакталгандыктан, көпчүлүк чындыкты билбей, бийликтин ар кандай ушак-жалааларына ишенип жатканын, буга байланыштуу кайрылуу жолдогону айтылат.

"Президент катары 2011-жылдан тартып мен 80ден ашуун киши каза таап, жүздөгөн адам жараат алган 7-апрель окуясында кылмыштуу буйрук берген Жаныш Бакиевди экстрадициялоо үчүн бардык чараларды көрдүм. "Батукаев иши" аркылуу 2012-жылы УКМКнын пландалган операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келиши керек эле. Операцияны жетектөөнү анын демилгечиси, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам. Мунун баары кылмыш ишинин материалдарында бар. Бирок кылмыш иштин бир дагы материалында, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мен тараптан коррупциялык же башка аракеттер жок. Болушу да мүмкүн эмес. Ошондуктан, чындыкты жашыруу үчүн бийликтин чечими менен сот жабык өтүп, материалдар сыр сакталды. Тилекке каршы, УКМКнын операциясы ийгиликтүү болгон жок. "Батукаев иши" боюнча өкүм менен Сооронбай Жээнбековдун бийлиги иш жүзүндө Жаныш Бакиев жана анын шериктерине кол тийбестик берип койду", - деп жазылган Атамбаевдин кайрылуусунда.

2020-жылдын июнь айында  Бишкектин Биринчи май райондук соту Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан чыгарды деп Алмазбек Атамбаевди 11 жыл эки айга эркинен ажыраткан, мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыраткан.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Ссылка: https://barometr.kg/el-chyndykty-bilsin-abaktagy-murdagy-prezident-almazbek-atambaev-kajryluu-zhasady



Добавить комментарий